• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келет

COVID - 19 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Кыргызстанга эртең COVAX механизминин алкагында Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы келет. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, вакцина Бишкек шаарынын жашоочуларына 2 күн аралыгында жеткиликтүү болот. “Өз кезегинде өлкөнүн башка аймактарына вакцина бир аптанын ичинде жеткирилет”, - деп кошумчалады ал.

Moderna вакцинасы - америкалык Улуттук аллергия жана жугуштуу оорулар институту тарабынан иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий