• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга Молдованын Президенти Игорь Додон келди

Саясат 0


Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасына бүгүн, 13-апрелде Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Молдова Республикасынын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон эртең, 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий