• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанга мыйзамсыз импорттолгон дары-дармек жана кондитердик азыктар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Кыргызстанга мыйзамсыз импорттолгон дары-дармек жана кондитердик азыктар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош аэропортундагы товарларды эсепке алуу пунктунда 2,3 млн сомго 39 куту дары-дармек каражаттарын, ал эми “Ак-Жол” контролдук-өткөрүү пунктунда 4,7 тонна кондитердик азыктарды мыйзамсыз ташып келүү токтотулган.

“Чоң-Капка” товарларды эсепке алуу пунктунда айдоочулары 40 тонна суперфосфат, 925 түрмөк ар түрдүү кездеме, 2408 куту кондитердик азык, 244 куту кара зире капсуласы жана 150 куту герметик алып өтүүгө аракет кылган унаалар кармалган.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө уруксат берүүчү документтер болгон эмес (товарларды импорттоо максатында салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагаздары), коштомо кагаздагы көрсөткүчтөр импорттолуучу товардын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө дал келген эмес.

Материалдар мындан ары чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий