• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген нигериялыктар мекенине кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Өлкөбүзгө мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген нигерлиялыктар мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык авиа каттам менен учуп келген Нигериянын 40 жаштагы Икене Анайо жана 22 жаштагы Карим Ахмед Оламилекан аттуу жарандары "Манас-аэропорт" өткөрмө пунктунда чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатып КРнын электрондук визасынын жасалма көчүрмөсүн көрсөткөн.

Жакында киргизилген Тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасы ал электрондук визалардын дал келбестигин аныктаган.

Бул маселе боюнча териштирүүлөр аяктагандан кийин алар мекенине кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий