• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга мыйзамсыз мунай саткан казак жараны 19 жылга эркинен ажыратылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Казакстандын Актөбө облусунун атайын райондор аралык соту Казакстандан Кыргызстанга ири көлөмдө мыйзамсыз мунай саткан кылмыштуу топту айыптуу деп тапты. Бул тууралуу казак ЖМКлары жазып чыгышты.

Бул иштин уюштуруучусу катары эсептелген “Актөбө Мунай иштетүү” мунайды кайра иштетүүчү заводунда маркетинг жана логистика боюнча директору болуп келген Алмаз Кужагалиев 19 жылга эркинен ажыратылды.

Анын шериги саналган “Интер Ойл Экспорт” компаниясынын директорунун орун басары Беларусь мамлекетинин жараны Сергей Кунцевич 17 жылга соттолду.

Аталган топтун мүчөсү деп айтылган Азамат Кушкинбаев менен Эдуард Утениязовго 4 жылдан берилди.

Пикир

Оставить комментарий