• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанга мыйзамсыз жол аркылуу 1,5 миң тонна күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.18. /Кабар/. "Чоң-Капка - унаа жолу" көзөмөл-өткөрмө жайында чек ара кызматкерлери өлкөгө мыйзамсыз жол аркылуу жана тиешелүү документтери жок күйүүчү май алып кирүүгө аракет Кыргызстандын үч жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, үч автоунаада тең кошумча май куюучу жай орноштулган, текшерүү маалында 1 тонна 500 литр болгон күйүүчү май аныкталган.

Автоунаалар Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан.

Тиешелүү документтери жок жүк алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары жана жүк КР ИИМдин аймактык бөлүм кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий