• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга “omicron” штаммынын очогу аныкталган өлкөлөрдөн келгендерге кирүүгө тыюу салынат

COVID - 19 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-декабрынан тарта Кыргызстанга келген жарандардан милдеттүү ПЧР-тест (72 сааттан кем эмес) талап кылынат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн эмделүү макамынан көз карандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына карата ПЧР-тест тапшырып, терс ПЧР-тестке ээ болушу керек.

“Оmicron” жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөн келе турган жүргүнчүлөргө өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынат. Бул мамлекеттердин тизмеси Чек ара кызматына берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий