• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанга Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешинин башкы катчысы келди

Саясат 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажраф Кыргызстанга биринчи жолу расмий иш сапары менен келди.

Маалым болгондой, башкы катчы иш сапарынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жолугушат.

Эскерте кетсек, Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хаджраф, ошондой эле Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүнө: Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан, ошондой эле Азербайжанга барууну пландоодо.

Маалымат үчүн: Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши аймактык жабык эл аралык уюм болуп саналат. Уюмдун негизги максаты - катышуучу өлкөлөрдүн бардык экономикалык, социалдык жана маданий иштерин координациялоо, кызматташуу жана интеграциялоо.

Аталган уюмга Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары, Оман жана Сауд Аравия өлкөлөрү кирет.

Пикир

Оставить комментарий