• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга «QazVac» вакцинасынын 25 миң дозасы келди (сүрөт)

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Кыргызстанга гуманитардык жардам катары «QazVac» казак вакцинасынын 25 миң дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, гуманитардык жардамды берүү салтанаты министр Алымкадыр Бейшеналиев, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев жана аталган вакцинаны иштеп чыккан Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча изилдөө-институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда министрликте өттү.

«Казак вакцинасынын биринчи партиясын жеткирүү биздин президентибиз Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча Казакстандын өкмөтү тарабынан уюштурулду. Вакцинаны жеткирүү тууралуу келишими эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы коңшулук жана достук мамилелерди дагы бир жолу далилдейт», - деди элчи Р.Жошыбаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Бейшеналиев Казакстандын өкмөтүнө жана элчилигине кыргыз-казак өнөктөштүгүн жогорку деңгээлде колдогондугу жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

«QazVac» вакцинасын иштеп чыккандардын бири Ергалы Абдураимов аталган вакцина 18 жаштан ашкан бардык каалоочуларды эмдөөгө боло турганын белгиледи. Биринчи жана экинчи дозанын ортосундагы аралык 21 күндү түзөт.

“Бүгүнкү күнгө карата бул вакцина менен 300 миңден ашык казакстандык эмделди. Каршы көрсөтмөлөр катталган жок”, - деди ал.

Маалымат үчүн: «QazVac» казак вакцинасы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илим-изилдөө институту тарабынан иштелип чыгып, 2021-жылдын башынан тартып казакстандыктарды Россия жана Кытай адистери иштеп чыккан дары-дармектер менен катар эмдөө үчүн кеңири колдонулуп келе жатат. Клиникалык изилдөөлөр жана аны Казакстанда кеңири колдонуу практикасы QazVac вакцинасынын коопсуздугун жана коронавирустук инфекциянын жана анын оор формаларынын алдын алууда анын жогорку натыйжалуулугун (90% дан жогору) көрсөттү. “QazVac” вакцинасы 18 жаштан жогору адамдарга сунушталат жана булчуңга эки этапта жүргүзүлөт, алардын аралыгы 21 күн.

Пикир

Оставить комментарий