• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанга расмий сапары менен Казакстан менен Кытайдын ТИМ башчылары келет

Саясат 0

Бишкек, 16.05.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү – Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев маалымдагандай Кыргызстанга расмий сапары менен Казакстандын жана Кытайдын Тышкы иштер министрлери келет.

Анын айтымында, Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 20-май күнү Бишкекке расмий визити менен Казак Республикасынын ТИМ башчысы Бейбут Атамкулов келет. Эки өлкөнүн тышкы саясат жүргүзүүчү министрликтеринин башчылары кыргыз-казак кызматташуусунун актуалдуу жана күн тартибинде турган маселелерин талкуулашат. “Кесиптештер мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары ортосунда болгон жетишкендиктердин аткарылуусун сөз кылышат. Андан тышкары ушул жылга пландалган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу, көп тараптуу иш-чараларды жана жолугушууларды өткөрүү боюнча пикир алмашышат”, - дейт ал.

Уланбек Дыйканбаевдин маалыматы боюнча, кийинки күнү расмий визити менен Бишкекке Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келет. Ошол расмий сапардын алкагында бир нече жолугушуулар өтөт. Анда эки тараптуу кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында мамилелерди активдештирүүнүн келечеги боюнча да сөз болот.

“Күтүлүп жаткан жолугушууда өзгөчө көңүл Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик визите болгон даярдыкка бурулат. Си Цзиньпин Кыргызстанга ушул жылдын июнь айында ШКУнун саммитине катышуусунун алкагында келет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий