• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга визит менен ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келет

ЕАЭБ 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен 4-февралда Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий сапар менен Бишкекке келет. Бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуулар пландалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий