• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанга РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Д.Рогозин келди

Өкмөт 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Кечээ, 7-июнда Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин келди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Манас» эл аралык аба майданынан РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басарын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.

Дмитрий Рогозин Бишкекке үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйынына катышуу үчүн келди.

Пикир

Оставить комментарий