• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанга РФ тарабынан берилген аскердик-техникалык эки учак келди

Президент 0


БИШКЕК, 08.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-августта, өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, башкаруу органдарын оптималдаштыруу жана бөлүмчөлөрдүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги жыйынтыктары туурасында маалымат берилди.

Раимберди Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрдүн потенциалын арттыруу маселесине токтолуп, Президентке негизги чет мамлекеттик өнөктөштөр менен аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндөгү макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында Россия Федерациясы тарабынан берилген аскердик-техникалык эки самолеттун келгендиги туурасында маалымдады. Кыргызстанга самолетторду расмий өткөрүп берүүнүн аземи болжолдонуп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин тышкы чек араларын чыңдоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүү боюнча бардык комплекстүү чараларды мындан ары активдештирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий