• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга Россиядан дагы 533 жаран кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга Россиядан дагы 533 жаран кайтып келди. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“533 КР жаранынан турган колоннанын экинчи партиясы келди. Ошентип, Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан мекенине жалпы 1496 жаран, КР өкмөтү бөлүп берген 32 автобус менен кайтып келишти”, - деп айтылат маалыматта.

Россиядан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун алкагында, Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.

КР ТИМ эскертет, коронавирус пандемиясынын жайылышына байланышкан кырдаалга байланыштуу, Казахстандын аймагына чет элдик жарандардын кирүүсү чектелген. Россиянын аймагындагы КР жарандарын, Россия менен Казахстандын мамлекеттик чек арасына, чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий