• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга Россиядан пландалган кезектеги гуманитардык жүк келди

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга Россиядан пландалган кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирустук инфекциянын тез жайылышы менен Кыргызстандагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Россия өлкөсү COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстанга баа жеткис жардам көрсөтүп жатат.

КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен РФ президенти Владимир Путиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Россия гуманитардык жардамдын дагы бир тобун жиберди.

Ал Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинин атайын учагы менен бүгүн, 26-июлда Бишкекке келип түштү.

Гуманитардык жүк медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан (5 көчмө рентгенаппараты, анестезиология үчүн монитор жана оксометрлик датчиги менен интенсивдүү терапия – 65 даана, анестезиология үчүн монитор жана оксометрлик датчиги жок интенсивдүү терапия – 5 даана, жасалма дем алдыруучу 31 аппарат, дары: эноксапарин натрия – 49 миң 350 даана, олокизумаб – 550 даана жана беткаптан – 100 миң даана) турат.

Белгилей кетсек, буга чейин Россия тарап кайтарымсыз негизде ПЧР тесттерин жана коронавирустук инфекцияны диагностикалоо үчүн реагенттер, медициналык жабдууларын (инфракызыл термометрлер, термикалык детекторлор ж.б.), жеке коргонуу каражаттарын берген.

Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аскердик-техникалык жардамдын алкагында 4,9 млн сомдук противогаз, ар кандай модификациядагы коргоочу костюмдар, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо каражаттары, метеорологиялык шаймандар алынган.

Мындан тышкары, Россия Кыргызстандын медициналык мекемелерине практикалык жардам көрсөтүү жана коронавирустук инфекцияны дарылоо боюнча тиешелүү консультацияларды жүргүзүү үчүн дарыгерлер жана медициналык кызматкерлерден турган топ жиберген. Россиялык адистердин тобу Кыргызстандын аймактарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий