• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга Россиядан үрөндөр алып келинди, алар насыяга берилет

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги Россиянын үрөнчүлүк ишканаларынан жаздык буудайдын, жаздык арпанын, софлордун үрөндөрүн Кыргызстандын облустарына берүү боюнча маалымат берди.

Ошентип, үрөндөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

Баткен облусуна - 185,38 тонна;

Жалал-Абад обусуна – 286 тонна;

Чүй обусуна – 777,62 тонна;

Ысык-Көл обусуна - 725,22 тонна;

Талас обусуна – 213,7 тонна,

Ош облусуна - 303,94 тонна;

Нарын облусуна – 170,24 тонна.

“Айыл Банк” ААКтын шарттарына ылайык, үрөн товардык кредит түрүндө 4,5% үстөк менен, 2 жылдык мөөнөткө берилет, үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин 50% жана 2023-жыл 15-ноябрына чейин 50% төлөнөт.

Эске салсак, бир күн мурун Казакстандан Кыргызстанга Карабалык-20 жаздык буудайдын 1000 тонна элиталык үрөнүн алып келүү расмий аземи болгон.

Пикир

Оставить комментарий