• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанга Россиянын Президенти Владимир Путин келди

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасына кечээ, 13-апрелде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин келди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин эртең, 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын 2017-жылы Евразия экономикалык кеңешинин органына төрагалык кылуусунун алкагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий