• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга салыктык башкаруу тутумун өнүктүрүү максатында кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында РФ тарабынан КРге кайтарамсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Баяндамачынын айтымында, бул келишимдин негизинде Россия тарап Кыргызстанга кошумча нарк салыгын көзөмөлдөөнү жана адистештирилген көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу аркылуу чекене сатуу тармагындагы товарлардын жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү жакшыртуу максатында техникалык жардам берилет. Келищим боюнча 2022-жылга чейин 1 миӊ аппарат берилүүгө тийиш. Аларды колдонуу кызматкерлер менен ишкерлердин тыгыз байланышы азайтат.

Пикир

Оставить комментарий