• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга Сауд Арабиясынан 300 адам келеби? – вице-премьер-министрдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Кыргызстанга умрадан 300 адам келет деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңеште коронавирус боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 18-март күнү өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков 19-март күнү өлкөгө кичи ажылыктан (умра) 100 адам келерин билдирген. Ал "эртең 100, бүрсүгүнү 200 адам келет, ага кооптонуунун кереги жок" деп айтканынан улам умрадан 300 адам келет деген маалыматтар чыккан.

Өмүрбекованын айтымында, учурда Сауд Арабиясында Кыргызстанга келе турган 3 адам бар.

"Сауд Арабия мамлекетинде дипломаттар, бизнес кылып жүргөн, ал жакта жашаган кыргызстандыктар бар экен. Алардын саны 200-300 киши болушу мүмкүн. Бирок умрадан келе турган адамдардын саны үчөө эле", - деди ал.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий