• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга «Синофарм» кытай вакцинасынын 150 миң дозасы келери күтүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Жакын арада Кыргызстанга «Синофарм» кытай вакцинасынын 150 миң дозасы келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысова билдирди.

“Вакцина кайтарымсыз негизде гуманитардык жардам катары келет. Бирок, кытай тараптын шарты бар, ага ылайык вакцинаны биз өзүбүз алып келишибиз керек”,-деди ал.

Ошондой эле ал буга чейин Кыргызстанга вакцина жеткирүүдө көйгөйлөр болуп келгендигин белгиледи.

“Азыркы учурда маселе чечилген, жакын арада вакцина Кыргызстанга жеткирилет”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий