• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанга Sinovac вакцинасынын 150 миң дозасы келди

COVID - 19 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу макулдашуусунун алкагында бүгүн, 9-сентябрда өлкөгө гуманитардык жардам катары Sinovac вакцинасынын 150 миң (75 миң адамга) дозасы келди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жүктү өткөрүп берүү аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Өз сөзүндө министр Кыргызстандын калкын иммунизациялоо жана ден соолугун жакшыртууга жардам бергени үчүн Түркия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Аталган вакцина менен 18 жашка чыккан бардык каалоочулар эмдөөдөн өтө алышат. Биринчи жана экинчи дозанын ортосундагы аралык 2-4 жуманы түзөт.

Маалымат үчүн: Sinovac-CoronaVac вакцинасы COVID-19ду алдын алуу үчүн өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчун ДССУнун тизмесине кирген жана аталган уюмдун иммунизациялоо боюнча эксперттеринин стратегиялык консультативдик тобунун экспертизасынан өткөн. Изилдөөнүн жүрүшүндө анын натыйжалуулугу аныкталган. Вакцина Пекиндеги Sinovac фармацевтикалык компаниясы тарабынан өндүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий