• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга Сириядан 41 бала 18 аял алып келинди

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Бүгүн “Айкөл” гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала алып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери коштоп келген.

Белгиленгендей, өмүрү жана ден соолугу кооптуу абалда калган, мамлекет тарабынан коргоого укугу бар балдарды сактап калууга багытталган бул иш-чара ушундай масштабдагы экинчи репатриация иш-чарасы болуп саналат.

“Балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, алардын бейпил жана коопсуз чөйрөдө жашоого адаптацияланышы үчүн тийиштүү кызматтар көрсөтүлөт. Тиешелүү кызматтар балдарды реабилитациялоо жана реинтеграциялоо боюнча иштерди жүргүзөт”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эскерте кетсек, балдарды репатриациялоо КР президенти Садыр Жапаровдун саясий эркинин, министрлер кабинетинин координациясынын жана тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо жана укук коргоо органдарынын өз ара макулдашылган иштеринин, Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин, андан тышкары БУУнун Балдар фондунун жана Эл аралык кызыл жарым комитетинин колдоосунун аркасында мүмкүн болду.

Мекенине келген балдарды президенттик аппараттын кырдаал борборунун директору Жолдошбек Мамбеталиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев тосуп алышты.

Пикир

Оставить комментарий