• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга Соль-Илецк шаарынан 541 кыргызстандык жаран келди

Коом 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан Кыргызстанга 541 жаран алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин билдиришти.

"541 жаран Казакстан тарап менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында алынып келди. Алар коронавирустун жайылышына байланыштуу Россия менен Казакстандын чек арасында Казакстанда киргизилген өзгөчө абалдын аякташын күтүп калышкан", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилешкендей, эпидемиологиялык кырдаалдан улам Казакстандын бийлиги тарабынан көрүлгөн чектөө чараларына байланыштуу биздин жарандардын өзүнүн унаасы менен Казакстандын аймагынан өтүшү мүмкүн болгон эмес.

"Транзиттик коридордун берилиши менен башында белгиленгенден көбүрөөк жаранды, анын ичинде аял жана балдарды алып келүүгө мүмкүн болду", - деп айтылат маалыматта.

Келген жарандардын баары обсервацияга алынат.

"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Казакстандын аймагында өзгөчө абал алына электигин жана чет өлкөлүктөрдүн Казакстанга киришине чектөө киргизилгенин эскертет. Мындан улам Соль-Илецк шаарынан жарандардын кайтарылышы, Россиядагы жарандар үчүн Россия менен Казакстандын чек арасына келишине себеп болбошу керек", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий