• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди

COVID - 19 0


Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Кыргызстанга 17-июнда коронавируска каршы россиялык “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди.

Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун алкагында аталган вакцина сатылып алынды.

“Вакцинаны сатып алууга каражаттар республикалык бюджеттен бөлүндү. Вакцинанын эки компонентинин наркы 20 долларды түзөт”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, “Спутник V” вакцинасынын 20 миң доза түрүндөгү алгачкы партиясы 22-апрелде келген. Ал эми 10-майда дагы 20 миң доза өлкөгө келип түшкөн.
Эмдөө 25-28 күн аралыкта эки ирет жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий