• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга “Спутник V” жана AstraZeneca вакцинасынын келүүсү күтүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Кыргызстанга май айынын аягында коронавируска каршы россиялык “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, келишимге ылайык, Кыргызстанга россиялык вакцинанын 500 миң дозасы келмек.

“Майдын аягында 80 миң дозасы келет. Вакцина менен 40 миң адам эмдөөдөн өтөт. Алар республикалык бюджеттин эсебинен алынууда. Ар бир дозасы 10 долларды түзөт”, - дейт ал.

Ишенапысова кошумчалагандай, “Ковакс” программасынын алкагында өлкөгө июнь айларында AstraZeneca вакцинасынын 420 миң дозасы келет.

Пикир

Оставить комментарий