• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга сымап алып өтүүгө аракет кылган 4 казак жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. “Кең-Булуң-унаа жолу” чек ара бекетинде Кыргызстанга сымап алып өтүүгө аракет кылган 4 казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чек арага келген казак жарандардын унаасын текшерүүдө бир баштыктын ичинде жүз аарчыга оролгон “РЕАХИМ Р” жазуусу бар эки банка табылган. Анын ичинде кызыл медициналык сымап экендиги аныкталган.

“Чек арачылар Казакстандын жарандарын кармап, тиешелүү документтерди чогултушкан. Кармалгандар жана сымап УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий