• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанга Түштүк Кореядан эки ПЧР-аппараты алынып келинди

COVID - 19 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Кыргызстанга Түштүк Кореядан эки ПЧР-аппараты керектүү медициналык каражаттар менен биргеликте алынып келинди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Анын бирөөсүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына орнотуп, жайкы туристтик эс алуу учурунда толук кандуу иштей турган лаборатория уюштурууну пландап жатабыз. Сырттан келген медициналык аппараттардын жардамы менен лабораториялардын потенциалын күчөтүү иштери жана эпидемияга каршы иш-чаралар улантылып жатат”, - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 4-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1899 учур катталды. Алардын ичинен 372си медицина кызматкери. Илдеттен 1292 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий