• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга Түштүк Кореянын полиция агенттигинин делегациясы келди

Коом 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Түштүк Кореянын Улуттук полиция агенттигинин делегациясынын беш күндүк иш сапары башталды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, делегациянын негизги миссиясы – министрликтин борбордук аппараттын жана негизги кызматтардын, Ыкчам башкаруу борборлорунун, санариптештирүү боюнча ишмердүүлүгүн изилдөө болуп саналат.

Меймандарга ИИМдин маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө боюнча жаңыланган маалымат борбору, расмий делегациялар менен жолугушуу жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташтык залы көрсөтүлдү.

Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурулуп, ал аркылуу акылдуу камералар онлайн режиминде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды көзөмөлдөп турушат. Жаңы технологиялар милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин көзөмөлдөөгө, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий