• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанга өткөн жылдын 11 айында 2,7 млрд доллар которулган

Экономика 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын 11 айында Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2 млрд 700 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төлөм системасы башкармалыгынын башчысы Айбек Султаналиев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га өстү

“Кыргызстанга эң көп Россиядан акча которулат. Алсак, 2022-жылдын 11 айында 2 млрд 600 млн доллар которуу системалары аркылуу эсеп ачпастан келген. Экинчи орунду АКШ ээлеп, өлкөгө 11 айда 50 млн доллардан ашык акча которулса, Түркия үчүнчү орунда, 11 млн доллардан ашык акча которулган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий