• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто иш сапары менен келди

Саясат 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-ноябрда Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Европа Биримдиги - Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Петер Сияртонун Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында анын өлкө жетекчилиги, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуулары пландаштырылган.

Ошондой эле бул сапардын алкагында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болуп, анын алкагында Кыргызстан үчүн маанилүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстандын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу боюнча келди.

Пикир

Оставить комментарий