• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга Өзбекстандан кезектеги гуманитардык жардам келди

Коом 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-май күнү эртең менен Ош облусуна Өзбекстан өлкөсүнөн гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүк поезд аркылуу Ош облусунун Кара-Суу районундагы темир жол бекетине келип түштү. Жардамды тосуп алуу салтанатына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов жана тийиштүү жетекчилер катышты.

Жылкыбаев Өзбекстан тарапка ыраазычылык билдирип, дүйнө жүзүндө пандемия жүрүп жаткан учурда мындай тилектештик жүрөк жылытарын белгиледи. Өз кезегинде, элчи Мирзахидов эки мамлекеттин ортосундагы достук мамиле дагы кеңейтилерине ишенерин белгиледи.

Жардам катары 1 миң тонна ун, 60 тонна гипохлорид, 2 миң 500 даана респиратор жана медициналык коргоочу кийимдер келди. Аталган жардам Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттык сактоо министрликтери аркылуу бардык облуска бөлүштүрүп таратылат.

Эскерте кетсек, Өзбекстан тарап апрель айында да жардам катары 1000 тонна ун, медициналык каражаттарды жөнөткөн. Ал эми суу сактагычтан улам болгон кырсыкта Кыргызстан тарап 1 миң тонна цемент, 100 тонна күрүч, 10 тонна өсүмдүк майын жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий