• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанга жаңы алынып келген унаалар арзан баада кайра каттоодон өткөрүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Унааларды арзан баада кайра каттоо боюнча улуттук кампанияга Кыргызстанга жаңы алынып келген транспорттор кирбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев билдирди.

Нет описания.

Анын айтымында, 1-июндан 31-декабрга чейин Кыргызстанда унааларды кайра каттоодон өткөрүү арзандады.

“Кайра каттоонун баасы 460 сом болот. Ал каражатка жаңы күбөлүк жана кызмат көрсөтүүлөр кирет. Белгилей кетсек, арзандатылган кайра каттоо компаниясына Кыргызстанга жаңы келген унаалар кирбейт”, - дейт ал.

Шералиев Кыргызстандын аймагындагы “Унаанын” 26 бөлүмү “Бирдиктүү терезе” принциби менен иштей турганын айтат.

“Эгер Бишкекте каттоодо туруп, Нарын жергесинде жүрсөңүз дагы бишкектик номерди ала аласыз. Ал эми унаанын номерин өзгөрткүңүз келсе, анын баасы 1 миң 360 сом болот”, - деди “Унаанын” өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий