• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга жакында дагы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы келет

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингдин жүрүшүндө Кыргызстанга жакында Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы келе тургандыгын билдирди.

«Вакцина гуманитардык жардам катары акысыз негизде берилет», - деди ал.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий