• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанга жакында Moderna жана Pfizer вакцинасы келет

COVID - 19 0

Бишкек, 12.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанга жакында коронавируска каршы Moderna жана Pfizer вакцинасы келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө вакцинанын биринчи дозасын 876 миң 740, экинчи дозасын 662 миң 54 адам алды.

“Өлкөгө вакцинанын 3 млн дозасы келип, анын 1,5 млн дозасы колдонулду. Алар “Синофарм”, AstraZeneca жана “Спутник V” вакциналары. 20-октябрдан кийин Pfizer вакинасынын 259 миң дозасы, Moderna вакцинасынын 130 миң дозасынын келиши күтүлүүдө. Pfizer вакцинасын сактоо үчүн төрт муздаткыч даярдалды”, - дейт ал.

Ишенапысова эмдөөдөн өткөндөрдө үч күн аралыгында баш оору, дене табынын көтөрүлүшү байкалууда, бирок андан кийинки күндөрү абалы турукташып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий