• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанга жакынкы күндөрү Sinopharm вакцинасынын 1,25 млн дозасы келет

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Калкты эмдөө боюнча ыкчам ишти уюштуруу максатында 2021-жылдын 9-июлунда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 1 млн 100 миң доза республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган, 150 миң доза кытай тарабынан акысыз берилген.

"Мындан тышкары, ушул эле өлчөмдө Sinopharm вакцинанын кошумча партиясын сатып алуу маселеси каралып жатат", - деди Бакашова.

Төраганын орун басары Улуттук вакцинациялоо планынын негизинде калктын 70%ына же 2 млн 118 миң 417 адамга эмдөө жүргүзүү зарылчылыгы бар экендигин, алардын катарына жарандардын артыкчылыктуу топтору 1 млн 312 миң 450 адам кирерин белгиледи.

Жарандардын артыкчылыктуу топтору төмөндөгүдөй бөлүнөт:

I топ - саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер, чек ара, бажы кызматтарынын ж.б. кызматкерлери;

II топ - ар кандай оорулардын күчөп кетүү коркунучу жогору болгон жарандар, 60 жаштан жогору курактагы карылар;

III топ - калктын социалдык жактан аялуу топтору.

Пикир

Оставить комментарий