• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга жалпы 282,5 тонна пестицид ташылып келди

Экономика 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Кыргызстанга 24-мартка карата жалпы 282,5 тонна пестицид ташылып келди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Пестициддер айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөшүү үчүн ташылып келген. 282,5 тонна жалпы камсыздоонун 46 пайызын түзөт.

282,5 тоннанын ичинен:
- үрөн ууландыргычтар - 29,9 тонна (камсыздоо - 55%)
- гербициддер – 126,5 тонна (камсыздоо - 40%)
- инсектициддер – 87,4 тонна (камсыздоо - 46%)
- фунгициддер – 38,7 тонна (камсыздоо - 69%)

Ал эми 2023-жылы өлкөгө жалпы жонунан 615,4 тонна пестицид керектелет.

Пикир

Оставить комментарий