• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга жана Кыргызстандан учкан туруктуу эл аралык авиакаттамдарга чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 21.03.20./Кабар/. Кыргызстанга жана Кыргызстандан учкан туруктуу эл аралык авиакаттамдарга убактылуу чектөө киргизилди. Мындай чара калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана өлкө аймагында коронавистук инфекциянын андан ары жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынды. Бул туурауу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө аба транспорту аркылуу жүк ташууларга, коронавирус инфекциясынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими боюнча чартердик каттамдарга, ошондой эле төмөндөгү жүргүнчү авиакаттамдарына жайылбайт:

- Москва-Бишкек-Москва (“Аэрофлот”) – жумасына 1 жолу;

- Ош-Москва-Ош (“Авиа Траффик Компани”) – жумасына 1 жолу;

- Новосибирск-Бишкек-Новосибирск (“Авиакомпания Сибирь”) – 1 жумасына 1 жолу.

Пикир

Оставить комментарий