• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанга жеңилдетилген шарттар менен өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттар алынып келет

Коом 0

Бишке, 01.05.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековдун Россия Федерациясына болгон иш сапарында, «Щелково Агрохим» ААК ишканасынын башкы директору Солис Каракотов, КМШ өлкөлөрүнүн «Семена» ассоциациясынын жетекчиси Иван Кузьмин жана Өсүмдүк өстүрүү департаментинин жетекчиси Александр Прянишников менен жолукту. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушунун алкагында Россиядан Кыргызстанга 2 миң тонна Краснодар селекциясында өстүрүлгөн буудайдын үрөнү жана 100 тонна күздүк буудайдын үрөнүн акысыз жеткирүү жана аны республиканын аймактарында сыноо өткөрүү жөнүндө келишими түзүлдү.

Мындан сырткары, министр Жаныбеков «Щелково Агрохим» ААК ишканасы башкы директору С. Каракотов менен сүйлөшүп, Кыргызстанга жеңилдетилген шарттар менен өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттарды алып келүүгө макулдашты.

Бул ишкана өсүмдүктөрдү коргоочу химиялык каражаттардын эң ири өндүрүүчүлөрүнүн катарына кирет, Россияда жеткирүүчү экспортерлордун арасында үчүнчү орунда турушат. Россия ар бир алтынчы гектар жеринде булардын химиялык каражаттары колдонулат.

Ошондой эле өндүрүш ишканаларын жана дары-дармектердин жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу боюнча илимий лабораториялар иши менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий