• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанга жумуш сапары менен Өзбекстандын Премьер-министри келет

Өкмөт 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов эртең, 16-августта, Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келет.

Эртең, 16-августта, Бишкек шаарында Премьер-министрлердин катышуусунда Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эки тараптуу кызматташуучу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт.

«Өзбекстандын Премьер-министринин иш сапары жана Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө жакшы дем берет. Өзбекстандын жетекчилиги келип чыккан бардык маселелерге түшүнүү менен карап, анын чечилишине кызыкдар», —деди бүгүн, 15-августта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков журналисттерге маалымат берип жатып.

Мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация маселесине токтолуп жатып, вице-премьер-министр Жениш Разаков бул багытта эки тараптуу жумушчу топтун сүйлөшүүлөрү журүп жатканын билдирди. сүйлөшүүлөр башталгандан бери — 2016-жылдын август айынан баштап, 2017-жылдын 31-июлуна чейин жумушчу топ 14 жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ошондой эле Өзбекстан менен соода-экономикалык мамилелердин бекемделип келе жатканын да кошумчалады. 2016-жылдын октябрь айында тараптар вице-премьер-министрлердин деңгээлинде эки өлкөгө жумуш сапарлары менен барышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Делегациянын курамында чек ара тармагындагы жетекчилер, маданий чөйрөнүн өкүлдөрү жана спортчулар болгон. Иш сапарлар маданий программалар менен коштолгон.

Пикир

Оставить комментарий