• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанга жумушчу сапары менен Шавкат Мирзиёев келет

Саясат 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Кыргызстанга жумушчу сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын мамлекет башчысы 3-сентябрда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Саммитине катышат.

Рашидов Мирзиёевдин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусу боюнча маселе иштелип жаткандыгын баса белгиледи.

Элчинин айтымында, 2нен 8-сентябрь күндөрү КРда өтө турган III ДКОго Өзбекстандан спорт министри башында турган делегаттар келип катышат. Бардыгы болуп коңшу мамлекеттен 60 жакын делегаттын келүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий