• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанга жыл башынан тарта 692,4 тонна пестицид ташылып келинген

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Кыргызстанга 2021-жылдын 17-декабрына карата 692,4 тонна пестицид ташылып келинди, башкача айтканда, камсыздоо - 114%ды түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы пестициддердин ичинен үрөн ууландыргычтарга (жаздык жана күздүк кылкандуу дан эгиндерине) керектөө - 47,2 тонна ташылып келинди (камсыздоо - 99%), гербициддерге болгон керектөө - 296 тонна (камсыздоо – 333,3 тоннаны түздү же 113%), инсектициддерге болгон керектөө эсеби - 205,2 тонна (камсыздоо - 225,6 тоннаны түздү же 110%), фунгициддерге болгон керектөө - 59,4 тонна болсо, камсыздоо - 86,2 тоннаны түздү же 145 пайыз.

Пикир

Оставить комментарий