• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга жыл сайын жапайы келгин куштардын 350дөн ашык түрү учуп келет

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Кыргызстанга жыл сайын жапайы келгин куштардын 350дөн ашык түрү учуп келет. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен билдиришкендей, Кыргызстанга жыл сайын жапайы келгин куштардын 350дөн ашык түрү учуп келет. Учурда Кыргызстанда жапайы куштардын 400дөн ашык түрү байырлап, алардын 57 түрү Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген. Ал куштардын 233 түрү өлкө аймагында уялайт.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинен белгилешкендей, жакында эле "Каратал-Жапырак" жаратылыш коругундагы фотокапканга түшүп калган жапайы куштардын сүрөттөрү алынды.

Белгилей кетсек, "Каратал-Жапырак" мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 36 миң 392,6 гектарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий