• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан Түркияга Көчмөндөр оюндарынын тотеми катары көөкөрдөгү мөңгү суусун берет

ДКО 2018 0

Бишкек, 08.09.18 /Кабар/. Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде Түркияга оюндардын тотеми катары көөкөрдөгү мөңгү суусун берет. Бул жөрөлгө олимпиадалык оттун альтернативасы болуп саналат.

Оюндардын жабылыш аземи бүгүн, 8-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында өтөт.

"Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтө тургандыктан жабылыш аземинде оюндарды кабыл алуучу тарапка символикалык өткөрүп берүү болот", - деди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов III ДКОнун жыйынтыктарын чыгарып жатып.

"Түркияга ДКОнун тотеми катары көөкөрдөгү мөңгү суусу жана улуу жеңүүчүлөрдүн китеби тапшырылат", - деди ал мөңгү суусу жөн жерден тандалып алынбаганын айтып.

Анын айтымында, азыркы учурдун башкы маселелеринин бири таза суу маселеси. Кыргызстан экологиялык балансты жана суу ресурстарын сактоого чоң маани берет.

Боронов оюндарды өткөрүп берүү аземи өзүнө өзгөчө жөрөлгөнү камтыйт экендигин айтты. Алгач көөкөрдү мөңгү суусу менен толтуруп, аны этно-эскорттун коштоосунда ат майданынын борбордук аянтына жеткиришет. Ал жерде мөңгү суусу куюлган көөкөр жакшы каалоо-тилектер менен өткөрүлүп берилет. Суу жашоонун символу болуп эсептелет. Аталган жөрөлгө олимпиадалык оттун альтернативасы болуп эсептелет.

Вице-премьер ачылыш аземинде театралдаштырылган көрсөтүү көчмөндөрдүн философиясын ачып берген болсо, жабылыш аземинде бул тема улантыларын кошумчалады. Конокторду ат майданында 500гө жакын артисттин, каскадёрдун жана спортчунун катышуусундагы унутулгус шоу күтөт.

Пикир

Оставить комментарий