• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасы бир жылда дээрлик бир жарым эсеге жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасы бир жылда дээрлик бир жарым эсеге жогорулады. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Улутстатком тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча өсүмдүк майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары көрсөткөндөй, өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу өсүмдүк майына болгон баалар республика боюнча 45,7 пайызга жогорулаган.

Күн карама майынын чекене баалары республика боюнча орточо эсеп менен (бир кг үчүн 173,98 сом) өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 42,2 пайызга жогрулаган, ал эми пахта майынын баасы бир кг үчүн 179,25 сомду түзүп, 48,4 пайызга өстү.

Муну менен бирге күн карама майынын баасынын жогорку көрсөткүчү Кара-Суу (бир кг үчүн 184,61 сом), Ош (бир кг үчүн 183,85сом) жана Нарында (бир кг үчүн 183,60 сом), ал эми анын минималдуу баасы Покровка айылында (бир кг 156,36 сом), Кара-Балта (бир кг 157,31 сом), Өзгөн (бир кг 160,66 сом) байкалган.

Өткөн айга салыштырмалуу күн карама майына болгон баанын эң жогору өсүшү Ноокат шаарында – 1,8 эсеге, Покровка айылында жана Нарын, Кербен шаарларында – 1,6 эсеге катталды.

Пахта майына чекена баа республикалык орточо көрсөткүчтөн Токмок (бир кг үчүн 196,16 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 186,13 сом) жана Токтогул (бир кг үчүн 184,78 сом) шаарларында ашты, ал эми минималдуу баалар Покровка (бир кг үчүн 154,92 сом), Кербен (бир кг үчүн 160,00 сом) жана Талас (бир кг үчүн 161,06 сом) байкалды.

Өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу пахта майына баанын максималдуу өсүшү октябрь айында Кербен шаарларында -1,9 эсе, Ноокат, Өзгөн жана Покровка айылында 1,8 эсеге катталды.

Октябрда айрым калктуу конуштарында күн карама жана пахта майынын
орточо чекене баалары
(бир кг, сом)

К³н карама майы

Четтөө:
өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Пахта майы

Четтөө:
өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

2021

2021

2021

Кыргыз Республикасы

12,31

173,98

51,67

120,78

179,25

58,47

Каракол ш.

113,71

172,10

58,39

121,33

177,52

56,19

Балыкчы ш.

117,67

168,83

51,17

0,00

0,00

0,00

Кербен ш.

110,25

179,09

68,83

85,00

160,00

75,00

Токтогул ш.

121,96

173,84

51,89

111,70

184,78

73,08

Жалал-Абад ш.

125,04

174,80

49,76

120,66

186,13

65,46

Чаек а., Жумгал району

123,00

164,49

41,49

117,09

176,82

59,72

Нарын ш.

112,67

183,60

70,93

0,00

0,00

0,00

Исфана ш.

122,87

175,49

52,62

126,59

166,93

40,34

Баткен ш.

119,68

179,78

60,10

125,25

172,08

46,83

Кара-Суу ш.

118,81

184,61

65,80

122,45

180,37

57,92

Ноокат ш.

97,83

179,42

81,59

97,83

180,35

82,53

Өзген ш.

116,32

160,66

44,35

97,83

177,17

79,34

Покровка а., Манас району

95,37

156,36

61,00

86,38

154,92

68,54

Талас ш.

115,56

168,48

52,92

110,13

161,06

50,93

Кара-Балта

114,37

157,31

42,94

128,53

172,14

43,61

Токмок ш.

116,90

175,65

58,74

113,18

196,16

82,98

Бишкек ш.

123,89

173,05

49,17

123,50

179,46

55,97

Ош ш.

129,61

183,85

54,24

119,57

177,59

58,02

Пикир

Оставить комментарий