• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кыргызтелеком” 1,5 миңдей шайлоо тилкесин алдыдагы шайлоого байланыш каражаттары менен камсыздады

Коом 0

Бишкек, 27.09.17 /Кабар/. Учурда “Кыргызтелеком” ААК республика боюнча бир жарым миңдей шайлоо тилкесин байланыш каражаттары менен камсыздады. Калган шайлоо тилкелери уюлдук байланыш кызматтарын колдонушарын компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук, облустук, тилкелик шайлоо комиссияларын үзгүлтүксүз жана сапаттуу байланыш менен камсыздоо үчүн “Кыргызтелеком” күн сайын Мамлекеттик компьютердик түйүндүн телефондук каналдарын, туташтыруучу чубалгыларын текшерүүдө.

Байланыш каражаттары менен камсыздоого жаткан шайлоо тилкелерине телефондук жабдуулар коюлду.

“Кыргызтелеком” ААКсынын борбордук аппаратында жана бардык филиалдарында шайлоолорду тейлөө боюнча байланыш каражаттарын даярдоонун жүрүшүн көзөмөлдөө штабдары түзүлдү. Ишкана шайлоо күнү республиканы үзгүлтүксүз жана туруктуу байланыш менен камсыздоого кепилдик берет.

Пикир

Оставить комментарий