• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызтелеком бузулган байланыш линиясын оңдоду

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызтелеком Чүй облусунун Кең-Булуң айылындагы байланыш линиясын калыбына келтирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызтелекомдун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бардык оңдоо иштери аяктады. 16:30да интернетсиз калган бардык абоненттер түйүнгө кошулду.

Кыргызтелеком жер айдоо иштерин жүргүзүүнүн алдында, ал жерде байланыш линиялары бар-жогун аныктоону өтүнөт.

Эскерте кетсек, бүгүн Кең-Булуң айылындагы байланыш чубалгысы үзүлүп, натыйжада Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым абоненттери интернетсиз калган.

Пикир

Оставить комментарий