• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кыргызтелеком” “Коопсуз шаар” жана “Электрондук өкмөт” долбоорлору үчүн МИБны ишке чегерди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

DIGITAL REPORT. “Кыргызтелеком” тарабынан түзүлгөн Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору (МИБ) 21-февралда ишке чегерилип, “Коопсуз шаар” жана “Электрондук өкмөт” долбоорлору үчүн пайдаланылат.

“Кыргызтелеком” тарабынан Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун ишке киргизилиши менен республикада “Коопсуз шаар” жана “Электрондук өкмөт” долбоорлору сыяктуу сервистерди жайылтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мамтелекомдун маалымат катчысынын айтымында, буга чейин бул эки программаны ишке ашыруу үчүн ылайыктуу плотформалар болбой келген.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору 2014-жылы жайда республиканын министрлер кабинети тарабынан демилгеленген. Тендерде «Стилсофт Бишкек» компаниясы утуп чыгып, бирок өлкөнүн укук коргоо органы ал компаниянын талаптарына макул болгон эмес.

Ушундан соң өткөн жылдын сентябрында бийлик мамбюджеттин чегинде сервисти этап-этабы менен иштеп чыгууну чечкен жана ага Бишкек мэриясы 30 млн сом бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий