• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кыргызтелеком” жыл аягына чейин 45 акысыз Wi-Fi түйүнүн ачууну пландоодо

Коом 0

БИШКЕК, 08.08.2017 /Мирлан Киизбаев – Кабар/. “Кыргызтелеком” 2017-жылдын аягына чейин 45 акысыз Wi-Fi түйүнүн ачууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын башчысы Нурлан Мадаминов билдирди.

Ал бардык акысыз интернет түйүндөрү социалдык обьектилерде, туристтер көп чогулган жерлерде жана билим берүү мекемелеринде ачыла турганын ырастады.

“Ошондой эле, учурдагы Wi-Fi түйүндөрүн жакшыртып, калкты дүйнөлүк желе менен камсыздоо болуп саналат. Бул жарандардын жашоо шартына жана билимдүүлүгүнө таасирин тийгизет”, - деп кошумчалады Н.Мадаминов.

Пикир

Оставить комментарий