• 84.8
  • 101.98
  • 1.11

“Кыргызтелекомдун” жарым жылдагы кирешеси 839 млн сомду түздү

Экономика 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Мирлан Киизбаев – Кабар/. “Кыргызтелекомдун” 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында тапкан кирешеси 839 млн сомду түздү. Бул тууралуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кезектеги коллегиясында “Кыргызтелекомдун” жетекчиси Нурлан Мадаминов билдирди.

Анын айтымында, кирешенин негизги булагы интернет кызматынан, жергиликтүү жана эл аралык телефон байланыштардан келип түшкөн.

“Каражатты максаттуу колдонуунун натыйжасында 163 млн сом үнөмдөлгөн. Трафик чыгашаларын оптималдаштыруунун жыйынтыгында 47 млн сом үнөмдөлгөн. Бул өз кезегинде болжолдонгон жалпы чыгашалардын 5% түзөт”,-деп билдирди Мадаминов.

Ошондой эле, ал өткөн жылга салыштырмалуу трафик чыгашалары 2 млн 897 миң сомго кыскарганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2016-жылы “Кыргызтелекомдун” мурдагы жетекчиси казак операторлору интернеттин трафигине болгон бааны 3 эсеге көтөрүүнү пландап жатканын айткан болчу. Бирок өкмөттүн кийлигишүүсү менен баа көтөрүлгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий