• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргызтемиржолу” 2017-жылы 7 млн тоннага жакын жүк ташыды

Экономика 0

Бишкек, 10.01.18 /Кабар/. “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы 2017-жылы 7 миллион тоннага жакын жүк ташыды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын негизги милдеттеринин бири жүктөрдү ташуу.

Алдын-ала күтүлүп жаткан маалыматтарга ылайык, темир жолчулар өткөн жылы жүк ташуунун көлөмүн 114,4% га чейин жогорулатууга жетише алышкан. Башкача айтканда, 2017-жылы 6 миллион 900 миң тоннадан ашык жүк ташылган. Бул деген канчалаган курулуш материалдары, күйүүчү майлар жана өнөр жай жабдуулары өз убагында белгиленген жерге чейин жеткирилди дегенди билдирет. Натыйжада жүктөрдү айлантуунун жалпы көлөмү 906, 3 млн. тонна чакырымдан ашкан. МИнин басма сөз кызматы белгилегендей, мында ишканадагы жүктөрдү ташуу Башкармалыгынын салымы чоң.

Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу багытында көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй:

2017-жылда жалпысынан 310 миң 800 жүргүнчү ташылып жеткирилген болсо, анын ичинен эл аралык каттамдарда 28 миң, жергиликтүү каттамдарда 282 миң 800 адам ташылган.

Мындан тышкары 2017-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасы жол чарбасындагы техникаларды модернизациялоо, жана жаңылоону ишке ашырды. Тактап айтканда15 жаңы техника, анын ичинде 10 трактор, 3 жүк жүктөөчү техника жана 2 эксковатор сатылып алынды.

Түштүк бөлүмү үчүн 150 ачык вагондор сатылып алынып, анын алгачкы партиясы 20 ачык вагондор “Жалал-Абад” бекетине алынып келинди.

Ошондой эле темир жолдун үстүңкү катмарын текшерүүчу жаңы жабдуу “Мобилдик диагностикалык лаборатория-ЛДМ-I” сатылып алынды.

Пикир

Оставить комментарий